Туристтик тармакты жөнгө салуу оор экенин премьер-министр моюнга алды

  22.04.13   08:20
 296

Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Коомдук биринчи каналдын 19-апрелиндеги түз эфиринде жарандардын суроолоруна жооп берип атып, туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн өкмөт аракеттерди көрүп атканын баса белгиледи. "Биринчиден жарнама менен алектенип, келе турган туристтерге туура маалыматтар берилиш керек. Аларга шарт түзүп берүү керек. Алар жарнаманын негизинде биринчи жолу келиши мүмкүн. Эгер биз аларга жакшы шартарды түзсөк алар келет. Коңшу мамлекеттер өздөрүнө туристтерди алып келүүгө ынтызар. Андыктан аларга атаандаш болуп иштешибиз керек. Сезон башталганда көлдөгү эс алуу жайлары бааны көтөрүп коюп атат. Алар бир жылдык кирешесин үч айда эле тапканга алууга аракет кылууда",- деди Сатыбалдиев.

Премьер-министр тилекке каршы туристтик тармактын көбү жеке менчикте экенин айтып, баа саясатын мамлекет мажбурлап киргизе ала албай турганын белгиледи. "Атаандаштык гана бааны жөнгө сала алат",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222924

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.