Сатыбалдиев: Чиновниктер жумуштан кеткенде эмес, иштеп атканда мыйзамды эстешсин

  22.04.13   08:18
 303

"7 ай убакыт ар бир жетекчиинин иштешине шарт түзүлдү. Жакында өткөн өкмөттүн жыйынында жаңыдан өкмөттүн мүчөсү болгон жетекчилерге эскертүү берилди. Кээ бир жетекчилер кызматынан алынды. Тилекке каршы көпчүлүк аткаминерлер жумуштан кеткенден кийин эле мыйзамды эстешип, ар кандай аракеттерди кылышат. Мыйзамды жумуштан кеткенден кийин эмес, иштеп аткан убакта эстеп, элге кызмат кылышы керек. Анан эл арасында жергиликтүү бийлик менен борбордук бийликттин ортосундагы ажырым чоң деп айтылып келет". Мындай пикирин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Коомдук биринчи каналдын 19-апрелдеги түз эфиринде жарандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Премьер-министр эгер өкмөт жакшы иштешесе мындай эскертүү берүү же, жумушунан алуу болбойт эле деген оюн билдирди. "Катуу бассаң таскаксың, аста бассаң аксаксың деген кеп бар. Ошондуктан биз ойлонуп туруп, негиздеп, кызматынан кете тургандырды кетирип, эскертүү да бердик",- деди ал.

Премьер министрге суроо берген жаран мурда кырман, гараж болгон жерлер үчүн да салык салынып атканын айтып, салыкты 3 жылга бир төлөгүлө деп атканын айтты. Сатыбалдиев жер салыгы боюнча жарандын суроосуна жооп берип атып, салык бардык жерлерге болушу керектигин белгилеп өттү. "Айыл-чарбасындагы жер салыгы бизде өтө эле төмөн. Аны көтөргөн жокпуз. Мурда кырман, гараж болгон жерге салык алынышы керек. Бирок аны 3 жылга бир алуу туура эмес, ал жылына алынышы керек",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222925

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.