Премьер болочокто электр энергиясы үчүн баалардын өсө тургандыгын билдирди

  22.04.13   07:46
 332

Электр энергиясын колдонгондугу үчүн төлөмдөрү жагынан көп карызы бар аткаминерлерди учетко алуу керек. Мындай пикирин, 19-апрелде, КТРКнын түз эфиринде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, тиешелүү компания аталган маселенин үстүндө иштеп жатат.

"Электр энергиясын колдонуп, бирок эсеби боюнча төлөмдөрдү жүргүзбөгөндөргө, мейли аткаминер болобу же жокпу, электр жарыгын чектөө керек. Убакыттын өтүшү менен, турак үйлөрдү жылытуу максатында колдонулуп жаткан электр энергияга болгон бааны көтөрөбүз", деп баса белгиледи Сатыбалдиев.

Муну менен катар премьер, жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып кетти.

"Убакыттан пайдаланып айта турган кебим бар. Баардык жарандарга кайрылып кетээр элем, керексиз маалда электр энергиясын колдонууну чектеңиздер. Биз күндүз деле көчөлөрдө жарыктар жанып турганын көрүп эле атабыз. Турак үйлөрдө деле ошол эле көрүнүш. Электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек", - деди премьер-министр.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222926

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.