Бажы биримдигине кирүү менен, өкмөт ири базарларды сактап калуу ниетинде

  22.04.13   07:49
 221

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен "Дордой", "Кара-Суу", "Мадина" базарларын сактап калуу боюнча, өзүнчө макулдашууга кол коюуну талап кылат. Бул тууралуу, КТРКнын түз эфиринде КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын пикиринде, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен утушта гана болот. Ошондой эле аталган процедураны, өлкөдө чектелүү базар болгондугу үчүн керектүү деп эсептейт.

" Бизде болгону 5,5 млн калк жашайт. Эгерде өнүккүбүз келсе, анда альтернативдүү базарларды издешибиз керек. Качан гана өнүккөн өлкө андан да өнүккөн биримдикке киргенде, анча өнүкпөгөн өлкөлөр утушта болот. Мисал катары алсак, Европа биримдиги жана башка ушул сыяктуу уюмдар. Бажы биримдигине кирсек уттурабыз деп коркуп жатышат, коркуунун эч кереги жок", - деди Сатыбалдиев.

Премьердин маалыматына караганда, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү эң орчундуу маселеси, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгү эсептелет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222927

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.