Кыргызстандык дзюдоист Краковецкий, Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

  22.04.13   07:52
 324

Кыргызстандык дзюдо боюнча спортчу Юрий Краковецкий эркектер жана аялдар арасында Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду.

Мелдештин расмий сайтында жазылгандай, оор салмактагы спортчу Краковецкий ( 100 кг.дан жогору), чемпионаттын финалында жапониялык Гаку Фуджи менен беттешкен. 4 мүнөт 8 секундга созулган мелдештин жыйынтыгында, Кыргызстандык спортчу күмүш медалга илинди.

Эске салсак, Краковецкий алдынкы беттешүүлүрдө түркмөнстандык Зунаир Бин Захир жана Кытайлык Юнтао Ванг менен ат салышып, чемпионаттын жарым финалына чыккан болчу. Ал эми финалга чыгуу үчүн, монголиялык Батсуури Намсраижавды 3 мүнөт 56 секунд аралыгында көтөрүп чаап, жеңишке жеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222929

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.