Ноокен районунда криминал чөйрөдөгү жаранды өлтүрүшкөн

  22.04.13   08:00
 329

Ноокен районунда криминал чөйрөдөгү авторитет жаранды уурдап кетишип өлтүрүшкөн. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Укук сакчыларынын маалыматына караганда, апрелдин башында Кочкор-Ата шаарынын тургунунун үйүнө белгисиз 3 эркек жаран кирип келишкен. Алар үйдүн ээсин тапанча менен жарадар кылып, зордоп "БМВ" үлгүсүндөгү унаага салып белгисиз тарапка сапар алышкан. Арадан бир канча саат өткөндөн кийин, Кара-Булак аймагынан жергиликтүү тургундар жарадар болгон жаранды табышкан. Жабыркаган адамды аймактык ооруканага жеткиришкен, бирок ошол күнү кечинде алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Укук коргоочулар каза болгон жарандын аты-жөнүн такташты. Ал жергиликтүү криминалдык авторитет, буга чейин бир канча жолу соттолуп чыккан "Ика" аттуу ылакап аты бар жаран болуп чыкты.

Аталган факт боюнча Ноокен РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан КР кылмыш кодексинин "Билип туруп жарандын ден соолугуна оор жаракат келтирген жана жыйынтыгы өлүмгө алып келген" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ноокен РИИБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын иш чаранын жыйынтыгында, окуяга шектүү делген 2 жаран кармалды. Алардын бири 1985-жылы, экинчиси 1983-жылы туулган, буга чейин бир канча жолу соттолуп чыгышкан айылдын тургундары болуп чыкты. Кармалган жарандар айдап жүрүшкөн "БМВ" унаасы, РИИБнын унаа токтоочу жайына алынып келинди. Алдын ала алынган маалыматка караганда, кылмыш криминалдык тартышуудан улам келип чыккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222931

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.