Кыргызстандын премьер-министринин Россияга иш сапары башталды

  22.04.13   08:45
 302

Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн россиялык кесиптеши Дмитрий Медведев менен жолугушуп. кыргыз-россия укуктук комиссия аралык жыйынга катышат.

Бүгүн, 22-апрелде, Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Россияга иш сапары башталды.

РФтеги КРдин элчилигинин билдирүүсүнө ылайык, премьердин иш сапары эки күнгө созулат. Анын негизги максаттары Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуу жана Кыргызстандын премьери менен РФтин Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов теңтөрагалык кылган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия мамлекет аралык комиссиянын 15-жыйынына катышуу. Ошондой эле мекендештер жана диаспоралардын өкүлдөрү менен кезигүү да пландалган.

Медведев менен жолугушуу анын шаардын сыртындагы "Горки-9" резиденциясында өтөт. МАКнын жыйыны "Президент-отель" мейманкана комплексинде болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222935

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.