Бишкекте тогуз жашаар талап-тоноочулар кармалышты

  22.04.13   08:56
 241

Бишкекте эки 9 жашар ууру кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБсинин пресс-кызматы билдирди.

Тартип сактоочулардын маалыматы боюнча 9 жашаар балдар, Суеркулов көчөсүндө жайгашкан компьютердик клубдун жанында 13-жаштагы өспүрүмдүн рюкзагын күчкө салып, тартып алышкан. Өспүрүмдөр иши боюнча Октябрь РИИБсинин инспекторлору эки 9 жашаар баланы милиция бөлүмүнө алып келишкен.

Балдардын ата-энеси чакыртылып, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Балдар өспүрүмдөр иши боюнча инспекцияынын көзөмөлүнө алынышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222940

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.