Бостон марафон жардыруусуна шектелген Царнаев кармалды

  22.04.13   09:22
 275
 

АКШнын Бостон калаасындагы марафон жардыруусуна байланыштуу шектелген чечен тектүү кишилердин бири кармалды. 19 жаштагы Жохар Царнаевди кармоо операциясына жүздөгөн полиция кызматкери тартылган. Ал Уотертаундагы үйлөрдүн бириндеги суу жээгинде турган кайыкка жашырынган жеринен табылган.

Полиция аны тирүү кармоого аракет кылып, бир сааттан ашуун атышуудан кийин колго түшүрүшкөн. Шектүүнүн учурда оор жарадар болуп, оорукана жеткирилгени айтылууда.

Жохардын агасы Тамерлан Царнаев жума күнү коопсуздук күчтөрү менен Бас атышууда каза тапкан.

Бир туугандар Кыргызстанда туулуп, Орусиянын Дагестан республикасына көчүп кетишкен. Царнаевдердин үй-бүлөсү АКШда он жылдай жашап, атуулдук алганы айтылууда.

Алар Казакстанда жашаган деген маалыматтарды Казакстандын тышкы иштер министрлиги четке какты. Бирок, ошону менен бирге иликтөө иштерине көмөктөшүүгө даяр экенин казак бийликтери билдиришкен.

Дүйшөмбү күнү Бостон марафон марасындагы жардырууда үч киши каза таап, 170тен ашууну жарадар болгон. Алардын ичинен кеминде өрт төрт кишинин абалы өтө оор.

Президент Барак Обама АКШда чоңойгон бир туугандардын мындай зордук-зомбулукка барышына эмне себеп болгону жана алардын артында кимдер турганы иликтенет деп айтты.

Федералдык чалгын кызматы 2011-жылы Тамерлан Царнаевди аты аталбаган өлкөнүн өтүнүчү менен суракка алганын моюнга алды. Би-Би-Синин Вашингтондогу кабарчысы Пол Адамс чечен улутундагы бул кишиге кызыккан Орусия болушу мүмкүн экенин айтууда.

Дүйнөлүк медиада Царнаевдер Кыргызстанда туулган чечен улутундагы кишилер экени белгиленүүдө.

Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитети Царнаевдер чыны менен эле Кыргызстанда туулганын ырастап, бирок, алар көп жыл мурда көчүп кеткендиктен бул окуяларды Кыргызстан менен байланыштырбоого чакырган.

"Царнаевдердин үй-бүлөсү мындан 12 жыл мурда Орусиянын Дагестан республикасына көчүп кетишкен. Шектүүлөр 8 жана 15 жаш курагында бул өлкөдөн чыгып кеткендиктен, аларды Кыргызстан менен байланыштырып айтуу орунсуз" - деп жазылат расмий билдирүүдө.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222941

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.