Керри Эрдоганды Газага барбай турууга үндөдү

  22.04.13   09:24
 237
 

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркия менен Израилдин ортосундагы байланышты жакшыртуу үчүн түрк премьери Режеп Тайып Эрдоганды Газа тилкесине сапардан баш тартууга үндөдү. Керри жекшембиде Стамбулда сүйлөп жатып, Эрдоганды "ылайыктуу шартты" күтүүгө чакырганын айтты. Мындай билдирүү түрк премьери Палестинанын жаңжалдуу аймагына барам дегенден кийин жасалды.

Палестиналыктарды өзгөчө колдоп келген Эрдоган Израилдин эмбаргосун алууга жардамдашуу максатында бул айда Газа тилкесине барууну мерчемдеп жаткан. Бирок бул сапар Вашингтондун эскертүүсүнөн кийин кийинкиге жылдырылган. 2010-жылы Газа тилкесине чабуулда тогуз түрк жараны мерт болгондон кийин Түркия менен Израилдин ортосунда чыңалган мамиле сакталып келет.

"Азаттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222942

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.