Кыргызстанда дизел майынын баасы көтөрүлдү

  22.04.13   09:26
 317
 

Кыргызстанда өткөн ишембиден тарта дизел майынын баасы 50 тыйынга көтөрүлдү. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин "Азаттыкка" билдиришинче, буга Орусиянын өзүндө жазгы талаа иштери үчүн күйүүчү майдын жетишсиздиги себеп болду. Жалпысынан Орусиянын мунай заводдору дизелдин баасын 2 сом 30 тыйынга жогорулаткан. Кыргызстанда мурда ташылып келген майдын кору болгондуктан, дизелдин баасы азырынча 50 тыйынга, эки жумадан кийин дагы 50 тыйынга кымбаттайт. Нефтетрейдерлер ассоциациясы баа 1 сом 50 тыйындан ашык көтөрүлбөйт деп билдирүүдө. Атайын мунай базаларынан ири көлөмдө май алам деген фермерлерге дизел майы мурдагы баада сатылмакчы.

Азыр дизел майы 40 сом 10 тыйындан сатылууда. Бензиндин баасында өзгөрүү болгон жок. Учурда Кыргызстанда дизел майынын 18 миң тонна, бензиндин 70 миң тоннадай кору бар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222943

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.