Жал кичи районунун тургундары Бишкек мэринин отставкасын талап кылышты

Кичи райондун тургундары ысык суунун берилбей жатканына нааразы болуп, Тыналиев көчөсүн тосушту.
  22.04.13   09:44
 417

20-апрель күнү саат 13:00-15:00гө чейин Тыналиев көчөсү тосулду. Жал кичи районунун тургундары ысык суунун берилишин жана аталган райондун бир катар актуалдуу маселелерин чечип берүүнү талап кылып, митинг өткөрүштү.

Буга чейин бул митингге мэриянын өкүлдөрү да келет деп кабарланган. Бирок, алар келген жок. Ачууланган тургундар менен "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору Алимбек Абдылдаев жолукту. Ал ишкана казан мештерди ишке киргизүүгө кызыктар экенин айтты.

"Биз мэрия менен да, шаардык газ ишканасы менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Көйгөй балким эртең же, андан аркы күнү чечилиши мүмкүн. Бүгүнкү күнү тургундар биздин ишканага 4,5 млн сом карыз, ал эми жалпы карыз 160 млн сом. Бул сумманын 108 млн сомун биз "Кыргызгазга" карызбыз. Качан гана карыздарды төлөгөндө, биздин ысык суу берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222944

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.