Премьер Москвадагы кыргыз-россия өкмөт аралык комиссиянын жыйынына жөнөдү

  22.04.13   09:39
 265

Бүгүн, 22-апрелде, Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Москва шаарында өткөрүлүп жаткан өкмөт аралык комиссиянын жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Министрликте маалымдашкандай, 22-апрелде өтө турган 15-өкмөт аралык комиссиянын жыйынында 22 маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Анын ичинде, комиссия 14- жыйында макулдашылган маселелердин аткарылышын талкуулашат. Күн тартибинде чукул кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо тармагын каржылоо, миграция тармагы, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү, гуманитардык, маданий, туризм багыттары каралып, ишкер чөйрөнүн кызматташуусу тууралуу да кеп козголот.

Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөт аралык комиссиянын 16-жыйынынын убакыт-сааты белгиленет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222945

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.