Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында коло медаль утту

  22.04.13   10:19
 243

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында аялдар арасындагы мелдеште коло медаль утуп алды.

Эл аралык күрөш федерациясынан билдиргендей, Тыныбекова чейрек финалда Азиянын чемпиону япониялык Чихиро Кумабеге утулуп калган.

Тыныбекова үчүнчү орун үчүн Түштүк Кореялык Хи-Жеонг Сё менен күрөшкөн.

Дагы бир Кыргызстандык балбан кыз Розалия Тилегенова (51 кг салмакка чейин) вьетнамдык Ти Луа Нгуенге жеңилип, оюндан четтетилген.

Эскертсек, ушул күндөрү Нью-Дели (Индия) шаарында Азия чемпионаты өтүүдө. Бул чемпионатта Кыргызстандын атынан үч курама команда барган. Алар: грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана аялдар күрөшү боюнча командалар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222948

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.