Салык жана бажы кызматкерлери бюджетти толтура алышкан жок

  22.04.13   10:12
 230

Өткөн үч айда республикалык бюджетке 19,4 млрд сом түштү. Бул алдын ала айтылган сумманын 99,5 % түзөт, деп каржы министри Ольга Лаврова кабарлады. Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы, коюлган тапшырманын контролдук санынан жарым пайызына жеткире албай койду. Бажы кызматындагы акыбал мындан да начар. Алар планды 91, 7% гана аткарышты. Так ушул структуралар мамлекеттик бюджеттин кирешесин аныкташат.

Бюджеттик мекемелерден атайын каражатынан түшкүн кирешелер да анчалык деле өскөн жок. Билим берүү тармагында ата-энелерден түшкөн каражат, жана башка салыктык эмес чогултуулар жалпысынан өкмөттүк казынага 2.8 млрд сом алып келишти. Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде чогултулкан каржатка салыштырмалуу 600 млнго көбүрөөк.

"Улуттук стат комитеттин маалыматына ылайык, республикадагы ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 59 млрд сом деңгээлинде турукташты. Биринчи кварталда реалдуу өсүү 7.6% түзөт", - деди министр Лаврова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222949

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.