ТИМдин кызматкерлери Айтматовдун кызматтык унаасын тээп жүрүшөт

  22.04.13   10:27
 271

"Тышкы иштер министри Кыргызстандын Бельгиядагы өкүлчүлүгүнөн алынып келинген кызматтык машинесин тээп жүрүшөт", -деп жазуучунун кызы, "Ата-Мекен" фракциясынан депутат Ширин Айтматова өзүнүн Facebookтагы баракчасына жазды.

Анын берген маалыматы боюнча, "ТИМ Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинен Айтматовдун унаасын музейдик экспонат катары колдонуу үчүн сураткан. Унаа коллекциондук эмес – ал болгону эски. Кыргызстанга алынып келингенден кийин 500 долларга бааланган. Ошондон бери унааны ТИМдин кызматкерлери минип жүрүшөт", - деп депутат белгилеген.

Ошондой эле ал Айтматова жашаган үй ага таандык эмес экенин, жана ал үйдө турбаганын кошумчалады. "Айтматовдуне жесири менен менин кичүү иним Эльдар эч кандай үй сатышкан эмес. Айтматовдун китептерин кайра басып чыгаруу укугу дагы менде эмес",- деп Ширин Айтматова коомчулукка жар салды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222951

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.