Бостондо бомба жардырган деп шектелген Царнаев көрсөтмө берип баштады

  22.04.13   10:46
 184

Бостондогу марафон учурунда бомба жардырган деп шектелген Жохар Царнаев эсине келип, тергөөчүлөргө көрсөтмө берүүдө деп жазат "Росбалт".

ABC News каналы өз булактарына таянып тергөөчүлөр биринчи кезекте анын жардамчылары болуп-болбогонун сурашууда деп кабарлайт. Ошондой эле дагы жарылбай калган бомбалар болушу мүмкүнбү деген да суроолорго жооп алууга аракет кылышкан.

Царнаев моюнуна алган жаракатынан улам сүйлөй албагандыктан суроолорго жазуу түрүндө жооп берүүдө.

19 жаштагы Царнаев кармоо учурунда катуу жаракат алгандыктан азыр көрсөтмө бере албайт деп маалымдалган эле.

Эскертсек, 15-апрель күнү Бостондун борбордук көчөлөрүнүн биринде марафондун финишине жакын жерде эки бомба жарылган. Кесепетинен үч киши каза болуп, 180ден ашык киши жаракат алган. Бул террористтик аракетти жасады деп 19 жаштагы Жохар жана анын 26 жаштагы байкеси Тамерлан шектелүүдө. Тамерлан 19-апрель күнү полиция менен болгон атышууда каза болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222953

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.