Азербайжанга биргелешкен инвестфонд түзүүнү сунушташты

  22.04.13   10:56
 264

19-апрелде Экономика министри Темир Сариев Кыргызстандагы Азербайжандын элчиси Гидаят Худуш-оглы Оруджов менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2012-жылы 8,6 млн долларды ( 2011-жылы 13 млн доллар) түзгөн өз ара сооданын төмөн деңгээлде экендигин белгилешти.

Мындан тышкары министр менен элчи кызматташтыкты эки тараптуу форматта жана түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын алкагында өнүктүрүү маселелерин талкууга алышты.

Соода-экономика жана инвестициялык кызматташтык жаатында кыргыз-азербайжан инвестициялык фондун түзүүнүн, Бишкек - Баку – Бишкек аба каттамын ачуунун маанилүү экенин айтышты жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.

"Тараптар 2013-жылы жайында кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи жыйынын, ошондой эле ишкер-форумду өткөрүүнү белгилешти",- деп айтылат басма сөз кызматы берген маалыматта.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222954

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.