Мушараф дагы жарым ай түрмөдө отурат

  22.04.13   11:10
 272

Пакистандын экс-президенти Мушарафты дагы эки жумага абакта калтырууга Антитерроризм соту ишемби күнү болгон соттук териштирүүдө өкум чыгарды.

Ал жума күнү камакка алынган эле. Мурдагы мамлекет башчысына "2007-жылы өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизген, Башмыйзамды убактылуу күчүнөн кетирген, сотторду мыйзамсыз кызматтан алган" деген айыптар тагылууда. Ал эми Мушараф өзүн "ак жеринен күнөөлөп жатышат" деп айтууда. Ал өткөн айда Пакистанга кайтып келип, 11-майга белгиленген шайлоого катышканы жаткан. Бирок анын талапкерлиги четке кагылып, өзү камакка алынган.

Мушараф 1999-жылы кандуу төңкөрүштөн кийин бийликке келип, 2008-жылга чейин мамлектти башкарып турган.

Интернет булактарынан

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222955

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.