Көчөдөгү жарнамалардын туура жазылышын ким көзөмөлдөйт?

  22.04.13   11:16
 409

Элдик кабарды жиберген Эрмек

Акыркы учурларды кыргыз тилин өнүктүрүү керек деп көкүрөк какканыбыз менен иш жүзүндө андай болбой жатат. Анан калса шаар ичи жарнамаларга жык толгон. Жарнамалардагы жазуулардын кыргызча так, туура жазылышын мамлекеттик тил комиссиясы, мэриянын алдындагы жармана департаменти көзөмөлгө алат. Бирок, алар деле ишине кайдыгер мамиле жасап аткандай. Шаар аралай бассаң, кыргыздын ӨҢҮнүн ордуна ОНУ болуп турган жазууларды көп эле кездештирүүгө болот. Ошондой жазуулардын бири Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндө турат. Ал жерден эл көп өтөт. Ансыз да чала сабат болгон эл туура эмес, ката жазылган жазууларды көрүп, ого бетер сабатсыз болуп баратат. Кыргызча жакшы сүйлөбөсөк да, кыргызча туура жазганга үйрөнөлүчү...

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222956

 Комментарийлер:
#1 Вика
2013-04-25 10:25:49 Цитата / 0 / -

Кыргызстандын "жузун корсоткон" мындай ката, туура эмес жазууларды ар бир жарнактан табууга болот. окмот жетекчилери деле конуп калган ондуу.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.