Бекназаров: Митинг аркылуу "Кумтөр" боюнча келишимдин денонсациясын тездетебиз

  22.04.13   11:20
 259

"24-апрелге бүткүл республика боюнча белгиленген митингдер парламенттин "Кумтөр" компаниясы менен түзүлгөн келишимди денонсациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алуусун тездетүүгө багытталган",- деп билдирди бүгүн, 22-апрелде, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров.

Ал келишимди парламент аркылуу денонсациялоо жөнүндө чечим оппозициялык күчтөрдүн жыйынында өткөн жылдын 2-декабрында эле кабыл алынганын белегилейт. "Ошондон бери талкуу жүргүзүлүп, денонсация жөнүндө чечимдер кабыл алынган, бирок парламент анык бир ишти жасаган жок. Биз алар үчүн өзүбүз мыйзам долбоорун жазып берди, бирок жыйынтык жок",- деп билдирди оппозициячы.

"Азыр бул маселени тез арада кабыл алыш үчүн 10 миң шайлоочунун добуш жетпей турат",- деп нааразы болду саясатчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222958

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.