Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси кызматынан убактылуу четтетилбегенин айтты

  22.04.13   11:19
 355

Бүгүн, 22-апрелде, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев "ВБ"га анын кызматынан убактылуу четтетилгендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Мен өз ордумда эле иштеп жатам, мени кызматыман эч ким четтеткен жок, мен да ыйгарым укуктарымдан убактылуу баш тарткандыгым тууралуу арыз жазган эмесмин", - деп айтып берди.

Эске салсак, бир катар ЖМКларда Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте боштулган иш боюнча депутаттык комиссиясынын иликтөө иштери жүрүп жаткан убакытта Рысалиев кызматынан четтетилген деген маалымат тараган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222959

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.