Комитет НАТОнун жүктөрүн ташуу жөнүндө келишимди ратификациялоону колдоду

  22.04.13   11:24
 275

Бүгүн, 22-апрелде, эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутаттар Түндүк атлантикалык альянс келишим уюмунун (НАТО) 2012-жылы 22-майда АКШнын Чикагосунда кол коюлган Эл аралык биргелешкен коопсуздук күчтөрүнүн темир жол жана унаа жүктөрүн Кыргызстандын аймагы аркылуу ташуу жөнүндөгү келишимин ратификациялашты.

Транспорт жана кооммуникация министри Калыкбек Султанов келишиминин алкагында НАТО Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн жүгүн Афганистан – Тажикстан – Кыргызстан - Казакстан транзиттик каттамы боюнча ташууну ишке ашыра турганын белгиледи. НАТО Афганистандан ремонтко муктаж болгон көп сандаган техниканы алып чыгышы керек, буга байланыштуу аталган өлкөдөн учактардан тышкары жүктөрдү ташып чыгыш үчүн бир канча жол зарыл экенин айтылууда.

Султанов ошондой эле буга окшогон келишимдер Россия. Казакстан, Тажикстан менен түзүлгөнүн маалымдады. "Келишим НАТО үчүн стратегиялык мааниге ээ. Муну менен катар бул келишимди ишке ашыруу Кыргызстан үчүн экономикалык жактан пайдалуу, анткени баардык жүк ташуу коммерциялык негизде жүргүзүлөт. Жүктөрдү биздин компаниялар тендерге катышуу аркылуу да ташууга мүмкүндүк алат",- деп кошумчалайт министр.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222960

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.