Кытайдын "жол насыясын" парламенттин профилдик комитети колдоду

  22.04.13   11:37
 268

Бүгүн, 22-апрелде, эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутаттар экинчи жана үчүнчү окууда 2012-жылы 4-декабрда Бишкекте кол коюлган Кыргызстандын жана Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы жеңилдетилген насыя жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырышты. Насыяны Кытайдын Экспорт-импорт банкы КРнын Каржы министрлигине берип жатат. Буга чейин депутаттар палатанын жыйынында биринчи окууда келишимди жактырышкан.

Келишимдин шартына ылайык, Кытайдын Экспорт-импорт банкы Кыргызстанга жыл сайын 2 пайыз менен 20 жылга 129,8 млн долларды Ош - Баткен – Исфана унаа жолун оңдош үчүн насыя катары бермекчи. Алгачкы тогуз жыл - жеңилдетилген мезгил болуп саналат. "Жалпы сумманын 91,4 млн доллары Ош - Баткен - Исфана жолунун айрым участокторун салууга, 38,4 млн доллары Бишкек - Балыкчы унаа жолунун курулушуна жумшалмакчы",- деп билдирген буга чейин транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222963

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.