"Электрические станции" кийинки кышкы сезонго даярдык көрө башташты

  22.04.13   11:42
 380

"Электрические станции" ААК кышкы сезондун аякташы менен дароо эле кийинки күз-кыш 2013-2014-жылдардагы сезонго даярдык көрүп, оңдоо иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде, компаниянын пресс-кызматы билдирди.

Келерки сезонго даярдык көрүп жатып, Бишкек ТЭЦте компания сегиз гидроагрегаттын, төрт транформатордун, үч котлоагрегаттын, бир турбоагрегаттын жана жылуулук жабдуулардын капиталдык жана орто оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландап жатат.

Компаниянын пресс-кызматы билдиргендей, Токтогул жана Курпусай ГЭСтериндеги трансформаторлордун капиталдык ремонтун компания башка оңдоо иштерин жасаган ишканалардын жардамысыз эле өз күчү менен бүтүрүшөт.

Пресс-кызмат Курпусай, Үч-Коргон жана Ат-Башы гидроэлектростанцияларындагы жана ТЭЦтеги капиталдык жана орто оңдоо иштери башталганын кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222964

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.