ССМ ата-энелердин балдарын эмдөөдөн баш тарткандыгынын себептерин айтты

  22.04.13   11:53
 291

"Акыркы мезгилдеги ички жана сырткы миграциянын тынымсыз болуп тургандыгына байланыштуу, алыскы аймактардагы балдар профилактикалык эмдөөлөрдү өз убагында албай калып жатышат", - деп бүгүн, 22-апрелде, пресс-конференция учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Сыдыканов маалымдады.

Анын айтымында, акыркы учурда вакцинациядан кийинки натыйжалардан чоочулаган жана диний көз карашынан улам, балдарды эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер көп болуп жатат. Балдардын 5%да убактылуу медициналык жылдыруулар болот.

"Ошону менен имуналдык коргоосу жок балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. бул инфекциялык оорулардын тез жайылып кетишине алып келүүсү ыктымал", - деди Сыдыканов.

Эске салсак, Европалык эмдөө жумалыгы, 22-27-апрелге чейин өткөрүлүп, жогоруда айтылган калктын катмарына багытталат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222965

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.