Кыргызстанга Алтай крайынын жана Челябинск областынын ишкер-делегациялары келет

  22.04.13   12:12
 318

Кыргызстанга 22- 25 - апрелдин аралыгында Алтай крайынын жана Челябинск областынын ишкер-делегациялары келет. Алардын иш сапары Россия менен Кыргызстандын соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу астында уюштурулган. Россиялык делегациянын курамында машина куруу, курулуш, энергетика, тамак-аш, тоо кен, туризм жаатындагы жана медициналык жабдуу чыгара турган 18 компаниянын, мамлекеттик органдар менен жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү бар.

Алтай крайынын администрациясы маалымдагандай, РФнын бул аймагы менен соода жүгүртүү боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында 4-орунда, ал эми Алтай крайынын тышкы соода боюнча өнөктөш мамлекеттеринин арасында 9-орунда турат. Аймактар аралык өз ара кызматташуу крайдын администрациясы менен КРнын Ош областтык администрациясынын ортосундагы 2011-жылдын 23-мартында кол коюлган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде ишке ашып жатат. 2012-жылы КРнын делегациясы бир нече жолу РФнын аталган аймагында болуп кайткан.

Кыргызстан менен Челябинск областынын ортосунда дагы ар түрдүү тармактар боюнча кызматташтык өнүгүп жатат. Өз кезегинде бул аймак КРнын Ысык-Көл областы менен кызматташтык жана достук мамилелер боюнча келишим түзгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222967

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.