"Шаттык" ансамбли Түркияда өтчү фольклордук фестивалга катышат

  22.04.13   12:17
 310

"Шаттык" ансамблинин 15 жаш бийчиси эгемендик жана балдарды коргоо күнүнө арналган эл аралык фестивалга катышуу үчүн Түркияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу балдардын чыгармачылык борборунун директору Сабийра Челпакова билдирди.

"Бул коллектив Кыргызстандын улуттук маданиятын биринчи жолу эле көргөзүп атышкан жок. Түркияда биздин балдарды билет жана жакшы көрүшөт",- дейт ал.

Алгач түрдүү мамлекеттерден келген фольклордук коллективдердин майрамдык жүрүшү болот жана ал чоң гала-концерт менен аяктайт.

Май айынын акыркы күндөрүндө "Шаттык" кайтадан Түркияга барат. Себеби, Бурса шаарында ушул эле фестивалдын уландысы болот,- деп кошумчалады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222968

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.