Профилдик комитет ИӨБдүн айылдарды өнүктүрүү жөнүндөгү насыя келишимин колдоду

  22.04.13   12:40
 263

Бүгүн, 22-апрелде, эл аралык иштер боюнча парламенттин комитетинде депутаттар "КРнын айылдарын туруктуу өнүктүрүү" деген долбоор боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Ислам өнүгүү банкынын (ИӨБ) ортосундагы насыя келишиминин долбоорун, ошондой эле Кыргызстан менен ИӨБдүн техникалык жардам келишими долбоорун жактырышты.

Келишимдин шартына ылайык, банк Кыргызстанга "КРнын айылдарын туруктуу өнүктүрүү" долбоору үчүн жалпы 17,5 млн доллар бөлүп берүүнү пландап жатат. Долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычында 9 млн доллар бөлүнсө, анын 6 миллионун жылына 2,5% үстөк менен 25 жылга жеңилдетилген 7 жылдык мөөнөт менен Ислам өнүгүү банкы, 3 миллионун 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 30 жылга Ислам тилектештик фонду бөлүп бермекчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222971

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.