Батукаевдин иши боюнча депкомиссия өзүнүн ишин майдын ортосунда гана аяктайт

  22.04.13   12:57
 260

Кылмыштагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу жана өлкөдөн чыгып кетиши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өзүнүн ишин майдын ортосунда гана аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде комиссиянын мүчөлөрүнүн бири, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, комиссия баарын сурап чыкты, бирок Гематология борбору, Онкология борборунун дарыгерлеринен турган бүтүм чыгаруучу эксперттик топ түзүлгөндүгүнө байланыштуу комиссиянын ишин узартууга туура келди. Ошол эле маалда депутат Батукаевдин Грозныйга кетишине катышы бар баардык түзүмдөрдөн көптөгөн суроолор такталганын айтты. "Шашылыш бүтүм чыгаргандан көрө комиссиянын ишин узартып жана баардык маселелер боюнча так жооп алганыбыз дурус",- дейт Сапарбаев.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирди. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин загранпаспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке каккан.

Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өкмөткө Коргоо, коопсуздук жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамиль Атахановду, башкы прокурор Аида Салянованы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди, Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов жана башка ишке тиешеси бар делген адамдарды ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетүү тууралуу сунуштама берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222972

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.