"Атынып өлөм" деп Атамбаевди коркуткан губернатор ким?

  22.04.13   13:11
 465

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Көлдүктөр ажого бир катар сууроолорду берип, кадр маселесине катачылыктар көп экенин билдиришти. Суроолорго жооп берип жатып Атамбаев кээ бир мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан алууда көйгөйлөр жаралып жатканын айтты.

"Кээ бир адамдар жакшы кызматка жеткенден кийин ордун бошоткулары келбей калат экен. Мисалы, мен бир губернаторду жумушунан бошотоюн десем, ал кетпей каршылык көрсөтүп, эгер кызматтан кетсе, атынып аларын айтты. Чынында биз мындай адамдардан кутулушубуз керек", - деди Атамбаев.

Бирок ажо ал губернатор ким экенин ачыктаган жок.

"Алиби" гезити

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222974

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.