"ВБ"нын корреспонденти Царнаевдердин жашаган жана окуган жерлеринде болду

"Бостон террористеринин" атасынын досу Царнаевдер Кыргызстанга кайтууну пландап жаткан деп билдирди.
  22.04.13   13:24
 371

Өтүп кеткен дем алыш күндөрү "ВБ"нын корреспонденттери Царнаев Тамерлан менен Джохар балачагын өткөргөн Токмок шаарына барып келди.

Темирлан менен Джохардын атасы Анзор Царнаевдин досторунун бири ал Кыргызстанды сагынгандыгын айтып, жакында келе тургандыгын билдирген, деп айтты. Ал эми балдар окуган №1 мектебинин физика мугалими Тамерлан жана анын бир тууган карындаштарын жакшы биле тургандыгын эске салды. Алар Россиянын Махачкаласына кеткенче окушту. Жүрүм-туруму үлгүлүү окуучулар эле деп эскерди.

Эске салсак, Царнаевдердин үй-бүлөсү Токмок шаарындагы сахзавод районунда турушчу. Ал жакта чечен улутундагылар жыш жайланышып, жашашчу. Учурда көпчүлүгү тарыхый мекенине кетишкен.

Алардын тааныштары Царнаевдер жашаган үйдү көрсөтүштү: башында чакан жер тамда жашаган үй-бүлө кийин Комсомол көчөсү 72 дареги боюнча, мектептин жанындагы үйгө көчүп барышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222977

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.