Футбол: "Дордой" Суперкубоктун биринчи матчында "Алганы" утуп алды

  22.04.13   13:35
 322

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча Суперкубогунун биринчи мелдеши өттү.

Алгачкы беттеш "Дордой" менен "Алга" командаларынын ортосунда болду. Биринчи топту дордойдун оюнчусу Мирлан Мурзаев 10-мүнөттө киргизди. Кийинки голду "Алганын" дарбазасына Сергей Калеутин оюндун акырына 4 мүнөт калганда киргизди.

Тыныгуудан кийин "Алганын" оюнчулары активдүүлүгүн көргөздү бирок, гол киргизе алган жок. Жыйынтыгында Мурзаев атаандашынын дарбазасына дагы бир гол киргизди. Дордой 3:0 эсебинде каршылаштарын утушту.

Белгилей кетсек, аталган командалар ортосундагы жооптуу матч 27-апрелде болот жана анын жыйынтыгы менен өлкөнүн Суперкубогунун жеңүүчүлөрү аныкталат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222978

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.