Президент КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты

  22.04.13   13:29
 308

Бүгүн, 22-апрелде, Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кытай эл республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. Бул туурлуу президенттик аппаратын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.

"Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Сычуань провинциясындагы катуу жер титирөөнүн натыйжасында көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор учурда Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен сизге, Улуу урматтуу, терең кайгыруу менен көңүл айтам, ошондой эле курман болгондордун жакындарына жана туугандарына кайрат айтып, кырсыкта жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишине тилектештигимди билдирип коюуңузду өтүнөм",- деп айтылат президент А. Атамбаевдин көңүл айтуу катында.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222979

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.