Казакстандын президенти убада кылган Оштогу мектептин курулуш иши быйыл башталат

  22.04.13   13:40
 279

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Ошко убада кылган заманбап мектептин курулуш иши быйыл башталат. Бул тууралуу Ош мэриясынын коомчулук менен байланышуу кызматы билдирди.

Белгиленгендей, мектеп 500 окуучу орунга ылайыкталып, шаардын "Черемушки" районундагы №20 мектептин территориясында салынат.

Учурда проектик-эсеп документтери иштелип чыгып, жер иштери жүргүзүлүп жатат.

Оштун мэриясы мектептин курулуш иштерине №3 Сулайман-Тоо территориалдык кеңешинен 2.5 гектар жер бөлүп берди.

Мурда Казакстандын президенти Кыргызстандын түштүк региондорун колдоо максатында казакстан тараптын каражатына заманбап мектеп салууну чечкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222980

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.