"Кумтөр" алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктады

  22.04.13   13:45
 267

Кыргызстандын өкмөтү менен Канаданын "Centerra Gold Inc" компаниясынын жетекчилигин ортосундагы "Кумтөр" алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик КТРК телевидениесинен билдиргенин REGNUM маалымат агенттиги кабарлайт.

"Сүйлөшүүдөгү башкы жетишкендик "Кумтөрдөгү" өндүрүш токтоп калбашы керектигин сүйлөшүү процессине катышып жаткандардын түшүнгөнү болду",- деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, азыркы учурда эки тарап тең Кыргызстандын жана "Центерранын" активдерин эсептеп чыгыш үчүн көз карандысыз эксперттерди чакыртышкан. "Эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болот",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222981

 Комментарийлер:
#1 Гости
2013-04-22 21:46:08 Цитата / 0 / -

Эптеп иш козголгуча казып ала бергиле деген келишимди тузуп алышкан экен.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.