"Манас ааламы" сүрөт көргөзмөсү өтөт

  22.04.13   13:50
 357

Республикалык "Манас жаштар ордосу" жана "Улуу баян" коомдук фонду биргелешип, "Манас ааламы" аттуу Манас дүйнөсүнө арналган сүрөттөргө сүрөтчүлөрдүн конкурсун жарыялашкан. Конкурска катышуучулардын жаш курагы чектелген эмес. Океандай чалкыган Манас темасына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы үстүбүздөгү жылдын 2-май күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөрүлөөрү күтүлүүдө. Ал эми жеңүүчүлөрдүн ысымы 7-май күнү аталмакчы.

Бул конкурстун уюштуруучусу, "Манас жаштар ордосунун" төрагасы Бакыт Романовдун айтымында, бул жолку конкурстун байге фондусун 70миң сом түзөт. Бул жөрөлгө дагы улантылып, байге фондусу көбөйө бермекчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222982

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.