Дарья Маслова Жуманазародун жаркын элесине арналган мелдеште алтын утту

  22.04.13   13:53
 411

Кыргызстандык жеңил атлеттер Москва олимпиадалык оюндарында коло медаль жеңип алган Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган мелдеште үч медаль утуп алышты.

Мелдешке Кыргызстандын аймактарынан жана Казакстан менен Россиядан келген 200гө жакын күлүк катышты. Түрдүү аралыктар боюнча медалдардын алты комплектиси ойнотулду.

Эркектер арасында 400 м, 1000 м жана 10 км аралыкка чуркоо боюнча орусиялык – Павел Тренихин, Валерий Чебруков жана Юрий Чечундар биринчи келишти. Ошондой эле аялдар арасында 400 м жана 1000 м аралыкка чуркоодо орусиялык атлеттер – Ксения Усталова менен Светлана Беловалар алтын медалга татыктуу болушту.

5 км аралыкка чуркоо боюнча кыргызстандык күлүк Дарья Маслова биринчи келип, юниорлор арасында рекорд жаратты. Ал 5 км аралыкты 17 мүнөт 13,2 секундда чуркап өттү. Буга чейин 5 км аралыктагы рекорд Виктория Полюдинага таандык болчу. Ал 2005-жылы бул аралыкты 18 мүнөт 34,4 секундда чуркап өткөн.

Ушул эле аралыкка чуркоо боюнча Гүлшөнай Сатарова коло медалды жеңсе, эркектер арасында 10 км аралыкка чуркоодо караколдук күлүк Александр Мох үчүнчү келген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222983

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.