Бишкекте 15 микроавтобус линиядан чыгарылды

  22.04.13   14:04
 299

Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жол-техникалык көзөмөл жана инспекция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын техникалык, санитардык абалын жакшыртуу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашкандай, 16-апрелден 18-апрелге чейинки аралыкта техникалык талаптарга жооп бербеген 15 микроавтобус тартиптин талаптарын кайра калыбына келтиргенге чейин линиядан чыгарылды.

Линиядан чыгарылган бустарга олтургучтарды оңдоо, чехолдорду алмаштыруу, кузовду сырдоо, маңдайкы айнектер менен бамперлерди алмаштыруу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222984

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.