Баш калаада 13-майдан тартып ысык суу өчүрүлөт

13-майынан 13-июнуна чейин Бишкектин жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) иши токтотулушуна байланыштуу ысык суу берүү өчүрүлөт.
  22.04.13   14:29
 292

Бишкек шаарында шашылыш ремонт иштерине байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 13-майынан 13-июнуна чейин Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) жылуулук каттоочу жабдуусу, жылуулук жана от жагуучу түйүндөрүнүн иши токтотулуп буга байланыштуу ысык суу берүү өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Аталган иш-чаралар 2013-2014-жылдын жылытуу мезгилине жылуулук булактарын, жылытуу түйүндөрүн жана системаларын сапаттуу даярдоого багытталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222985

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.