Сокулук районунан 13 жаштагы кызды тоноп кетишти

  22.04.13   14:33
 297

Сокулук районунан 13 жаштагы кызды тоноп кетишти. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Жапа тарткан кызды энеси милицияга арыз менен кайрылган. Өткөн дем алыш күнү анын кызына көчөдөн бейтааныш киши кол салган. Кызды коркуткан ууру анын уюлдук телефонун тартып алган. Окуя кечки саат 20.00дөр чамасында болгон.

Тартип сакчылары тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында Сокулук районунун 31 жаштагы тургуну кармалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222986

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.