Консулдук кызматка бир жыл ичинде мигранттардан 2миң арыз келип түшкөн

  22.04.13   14:32
 309

2012-жылы ТИМдин консулдук кызматынын департаментине (ККД) мигранттардан 2200 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде, департементтин директору Эркин Асангулов айтып берди.

Анын айтымында, келип түшкөн арыздардын басымдуу көпчүлүгү Кыргызстандын жарандарынын чет жердеги маянасына тиешелүү укуктарынын тебелениши, депортация маселелери, мигранттарды ур-токмокко алуу, кырсыкка кабылуу жана өлүм тууралуу кайрылышат. "Көпчүлүк арыздар Россия жана Казакстанда иштеген кыргыз мигранттарынан келип түшөт", - деп Асангулов тактады.

Түшкөн арыздардын көптүгүнө байланыштуу департменттин иши интенсивдүү жүрөт. Асангуловдун айтымында, ККДде 26-кызматчы иштейт. Анын 23 департаменттин офисинде дагы 3 – "Манас" аэропортундагы консулдук пункта иш алып барат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222987

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.