Карамушкина комитет жыйынына депутаттардын жарымы келбегенине нааразы болду

  22.04.13   14:37
 332

Жогорку Кеңештеги коргоо жана коопсуздук комитетинин бүгүнкү, 22-апрелдеги жыйынында, комитет төрагасынын орун басары, КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина комитетке мүчө депутаттардын жарымы жыйынга келбей атат деп нааразы болду.

"Албетте, ден соолук баарынан кымбат. Ошентсе да беш фракциянын лидерлерин бизге жардам берүүгө чакырат элем. Бизге ишеним катын калтырып кеткен бардык коллегаларымды сыйлайм, бирок комитет жыйындарын көңүл сыртанда калтырууга да болбойт",- деди ал.

Депутат айым ошондой эле азыр профилдик комитет төрагасынын милдетин аткарып атканын белгилеп, бул комитетте маанилүү маселелер чечилгендиктен парламенттик бул түзүмдүн ишин катуулата турганынан кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222988

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.