Жанмаанай

Митинг, революция "кетсинизмден" тажабадык...
  22.04.13   15:05

Кыргыздар акыркы он чакты жылдан бери жаз-күз келсе эле аянтка чыгып, "кетсинизм" менен ооруп калмай адат табышты. Жакында айтылуу Азимбек Бекназаров да 24-апрелде митинг болот деп балп этти. Деги биз митингден, революциядан тажабаган эл болдук. Ошол кыргыз элин митингге чакыргандар ал кыргыз элинин душмандары деп айтса куп жарашат. Анпесе, жаздын бир күнү жылга тете дегендей, жер айдалып, талаа жумуштары кызый баштаганда карапайым элдин көйгөйүн чечкендин ордуна аны иштен алаксытып, митингге чыксаң миң сомдон беребиз деп азгырганын биздин эл үчүн күйүп, өлкөбүздүн келечегине кам көргөн адам деп кантип айтабыз.

Эсимде, 2005-жылдын 24-мартында жумушка баратсам, журналисттер телефон чалып, "Эже, келбей эле коюңуз, борбордук аянтта ызы-чуу болуп атат!" деп кабарлашты. Орто жолго жетип калгам. Журналисттик кызыгуум канчалык ашып-ташып турса да курсактагы баламды аядым. Кош бойлуу элем. Орто жолдон үйгө кайттым. Үйдөгү сыналгыдан шаардын таланып-тонолуп атканын, бир кезде Аскар Акаевдин этегине намаз окуп, Майрам Акаеванын чачпагын көтөрүп жүргөндөр аларды ушунчалык жамандаганын көрсөтүп жатышты. Ага деле маани бербедик, жашоо оңолот деген үмүттө болдук. Үй-бүлөлүк башкаруудан кутулдук, эми өлкөбүз гүлдөйт деп ойлодук.

Бирок, 2010-жылы бул окуя экинчи жолу кайталанды. Ал мындан да катуу болду, кан төгүлгөнүн элдин баары билет. Ар бир революция болгон сайын жашообуз жеңилденмек түгүл ошончолук оор болуп атканын сезип аттык. Бирок, ага деле болбодук.

2012-жылы Кумтөрдүн шылтоосу менен Ак үйдү басып алгысы келген депутаттар да митинг өткөрүштү. Ошондо бир кош бойлуу келиндин митинг учурунда жабыркап, ооруканага түшкөнүн көрүп, ушунчалык иренжидим. Ал аял өзүн аябаса да курсактагы баласынын коопсуздугун аябайбы дедим.

Элибиз ушунчалык саясатташып кетти. Атүгүл бешиктен бели чыга элек, тили эми чыга баштаган баладан тарта, бели бекчейип, кулагы жакшы укпай калган карыялардан бери саясатты сүйлөшөт. Сөзүм куру болбосун үчүн бир мисал келтирейин.

2010-жылы кызым үчкө жаңы чыккан кези болчу. Сыналгыдан Орусиянын ошол кездеги премьер-министри В.Путин сүйлөп жаткан.

- Бул ким? – деди кызым.

- Бул Орусиянын мурдагы президенти В.Путин, - дедим.

- Аа, анда бул да качып кеткен турбайбы, - дейт сыналгыны тиктеп ойлуу.

Ошондон кийин жаш балдарда президент кызматтан качып кетет деген түшүнүк пайда болгон экен деген ойго кеттим. Кызыма андай эместигин түшүндүрдүм.

Элдин баары саясатташып кетти, тилекке каршы. Эми азыркы президент А.Атамбаев да качат деп божомолдогондор бар. Ушундай негативдүү сөз сүйлөгөндөн көрө позитивдүү сөздү сүйлөп, пейилибизди оңдоп, ниетибизди тазартып, кирдеген көңүлдү жууп, гүлдөп өскөн келечекти ойлосок, ойлогон ойдун баары материалдашып, ишке ашат дегендей бакубат жашоодо жашаарыбызга кимдин күмөнү бар.

Биздин ынтымагыбыз жок, чачыранды болсок жер алдында жаткан алтындарыбызды, байлыгыбызды, жер үстүндөгү берметибиз Ысык-Көлүбүздү ээлик кылгысы келгендер четтен чыгып атканы айтпаса да түшүнүктүү...

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222990

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.