Россияга кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктардын тизмеси жаряланат

  22.04.13   14:58
 667

Россия анын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын тизмесин берет. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде, Консулдук кызмат департаментинин директору Эркин Асангулов билдирди.

"Россиялык ТИМдин консулдук департаментинин жетекчиси Андрей Карлов менен жолугушуу учурунда, биз, кыргыз тарапка Россияга кирүүгө тыюу салынган кыргыз жарандарынын тизмесин берүүсүн сурандык", - деди чиновник.

Анын айтымында, мындай маалымат менен Бишкек жана Ош терминалындагы учууга жана темир жол вокзалында кетүүгө даярданып жаткан жүргүнчүлөр тааныша алышат.

Асангуловдун айтымында, акыркы жолу Кыргызстандын 26 жараны Москва шаарындагы аэропорттон кайра артка жөнөтүлгөн.

Департамент жетекчисиин айтымында, тизмекке Россиянын территориясында мыйзамды эки жолудан ашык бузгандар киришет. РФтин мыйзамы боюнча Кыргызстандын жарандары келгенден кийин жети күндүн ичинде катталып, 90 күнгө чейин иштеп жаткандыгын мыйзамдаштырышы керек.

"Ушул сыяктуу долбоор Тажикстанда ишке ашырылып жатат, ошого байланыштуу биз да кара тизмени бизге берүүсүн сурандык", - деди Эркин Асангулов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222991

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.