Жал кичи районунун тургундары жай бою ысык суусуз калышы ыктымал

  22.04.13   15:15
 284

Жал кичи районунун 20 миңден ашык тургуну бир айдан бери ысык суусуз жашап атышат. Бул тууралуу мэриянын муниципалдык ишканаларды каржылоо бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абдылдаев билдирди.

Жергиликтүү казан мештер "Бишкекжылуулукэнергонун" жаратылыш газы үчүн болгон карызынан улам өчүрүлгөн. Бул муниципалдык ишкананын "Кыргызгаз" ААКына болгон жалпы карызы 84 млн сомду түзөт. Ал эми жаратылыш газы үчүн компенсация төлөө үчүн жергиликтүү бюджетте каражат жок,- дейт Абдылдаев.

"Жетишээрлик салык жыйналбай атат. Каражатты биринчи кезекте жумушчулардын айлыгын төлөөгө жумшап атабыз",- деди ал.

Абдылдаевдин айтымында, жаратылыш газына болгон карыз качан төлөнүп бүтөрү белгисиз.

Андыктан ысык суунун жакын арада берилиши да арсар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222992

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.