"Мисс Ала-Тоо" сынагында Россиядагы эң сулуу кыргызстандык селкини тандашат

  22.04.13   15:15
 409

Россиянын 10 шаарында "Мисс Ала-Тоо" сынагынын тандоо турлары өткөрүлүп, 15 селки финалга чыгышты. Финалдын өзү Бишкекте, 28-апрелде Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөрүлөт.

Акыркы эки айда катышуучулар чеберлик менен даярдык көрүп жатышты. Жеңүүчүлөр Россиянын территориясындагы эң сулуу кыргыз кызы татыктуу наамынан тышкары баалуу белектерге ээ болушат:

1-орун - Mersedes-Benz унаасы

2-орун – Дубайга жолдомо

3-орун – кызыктыруучу белектер (косметика, кийим, ж.б.)

Долбоордун уюштуруучулары болуп Борончу Кудайбергенов, "Замандаш" ассоциациясы жана С.С.С.Р. партиясы чыгып жатышат.

Кудайбергеновдун айтымында, сынактын негизги максаты Кыргызстандан сырткары жашаган жаштарды өз тамырларын, салттарын жана эне тилин унутпоого чакыруу. Себеби, катышуучулардын көбү россиялык жарандыкты мурда эле алгандыктан кыргыз тилин унутуп калышкан.

Тандоо турларына 17 жаштан 23 жашка чейинки, Россия территориясында жашаган кыздардын бардыгы катыша алышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222994

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.