Кытайда соттолгон кыргызстандыкты экстрадициялоо маселеси дагы деле чечиле элек

  22.04.13   15:27
 287

Кытай тарап эмдигиче КЭРде өлүм жазасына тартылган Кыргызстандын жараны Светлана Кулбаеваны экстрадициялоо мүмкүндүгү жөнүндө жооп бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде, Консулдук кызмат департаментинин директору Эркин Асангулов билдирди.

Анын айтымында, мунун себебин Кытайдын бийлиги "соттун чечимине таасир бере албайбыз" деп түшүндүрүүдө. Бирок Асангулов Кытайдын ички иштер министрлиги Кулбаеванын жазасын жеңилдетүү же болбосо экстрадиция кылуу маселеси боюнча колунан келген аракетин жасарын айтканын белгилеп өттү.

Ал КР менен КЭРдин ортосунда эки мамлекеттен кармалган жарандарды экстрадициялоо жөнүндө келишимге кол коюлганын, бирок Кыргызстан документти бекиткени менен кытай тарап дагы деле аны ратификация кыла электигин билдирди.

Анын айтымында, учурда 19 кыргызстандык атуул КЭРдин жаза аткаруу жайларында мөөнөтүн өтөп жатат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жараны Светлана Кулбаева абдан ири көлөмдөгү баңгизатын Кытайга аткезчилик жолу менен ташып баратканда кармалып, өлүм жазасына кесилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222996

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.