Улукбек Жолдошев Азербайжан Федерация Кубогунда алтын утуп алды

  22.04.13   15:27
 288

Кыргызстандык Улукбек Жолдошев Азербайжандын күрөш боюнча Федерация Кубогунда баш байгени утуп алды. Бул тууралуу Республикалык атайын өспүрүмдөрдүн спорт мектеби кабарлады.

Алар берген маалыматка ылайык, Жолдошбеков 54 салмактагы категорияда күч сынашты. Турнир Баку шаарындагы "Сархадчи" спорт-олимп борборунда, 18-апрелден 21-апрелге чейин өттү.

Турнирге Россия, Түркия, Казактсан, Өзбекстан, Грузия, Тажикстан, Германия, Украина жана Кыргызстандан спортчулар катышышты.

Мелдеште Кыргызстандын атынан "кадеттер" жана "юниорлор" категориясындагы эки команда чыгышты. Ошондой эле турнирди КРден калыс Айбек Акматов тейледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222997

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.