Wikileaks Ассанждын Googleнин топ-менеджери менен жашыруун жолугушканын айтты

Wikileaks сайты Джулиан Ассанждын Google директорлор кеңешинин торагасы Эрик Шмидт менен болгон жашыруу жолугушуусунун стенограммасын жарыялады.
  22.04.13   16:18
 229

Жолугушуу 2011-жылдын июнь айында өткөн жана 5 саатка созулган. Жолугушуунунун демилгечиси Шмидт болгон, анткени ал өзүнүн "The New Digital Age" ("Жаны санариптик эра") аттуу жаңы китеби үчүн мааламат топтоп жаткан. Суйлөшүүгө анын соавтору Джаред Коэн (Jared Cohen), АКШнын мамлекеттик катчысынын экс-кенешчиси Хиллари Клинтон жана Google аналитикалык борбордун директири да катышышкан.

Ассандж менен Шмидт маалымат жайылтуунун техникалык, ошондой эле саясый жана этикалык көз караш маселелердин тегерегинде маектешти. Шмидт Ассанждан анын жашыруун маалыматтарды жарыялоодогу жоопкерчилиги тууралуу сурады. Тактап айтканда, Шмидт Ассандждан акыркы дипломаттык документтердин ачыкка чыгуусу көптөгон адамдарга зыян алып келгенин кандай кабылдаганын билгиси келди. Жооп катары Ассанж Wikileaksти Google тиешелүү YouTube видеохостинги менен салыштырды. Ассанждын ою боюнча, эки сервис тең эбегейсиз маалымат чыгарып, алардын ичинде керектүүсү да, зыяндуусу да кезигээрин эскертти.

Мындан тышкары, Шмидт Ассанждын үчүнчү дүйнөнүн мамлекеттер, өзгөчө диктаторлук режим күч алган өлкөлөр туурасында аябай эле аз маалымат чыкканын сынга алды. Ассанж муну, ал өлкөлөрдө интернет жана социалдык байланыш тармактарынын аз колдонулушу менен байланыштырды. Ошондой эле алар көп документтерди өз эне тилинде жүргүзгөндүктөн, ачыкка чыгаруу кыйын экендигин түшүндүрдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222998

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.